Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЦИЗ САЛЫГЫ – КР жалпы мамлекеттик салык болуп саналат. КР аймагында акциздик товарларды өндүрүүчү же акциздик товарларды импорттоочу, же КР аймагында кумар-оюн бизнесин ишке ашырып жатышкан баардык жеке жана юридикалык жактар А.с-нын төлөөчүлөрү болуп эсептелишет. А. с. алынуучу товарлардын тизмесине: а) ичүүчү этил спирти жана тамак-аштык чийкизаттан өндүрүлгөн акталган этил спирти; б) арак; в) ликер-арак азыктары; г) ачытылган ичимдиктер, ширелер жана бальзамдар; д) шараптар; е) коньяктар; ж) шампан шараптары; з) пиволор; и) шарапазыктары; к) тамеки буюмдары; л) курамында тамеки бар башка буюмдар; м) алтындан, күмүштөн, платинадан жасалган зергер буюмдар; н) кытатталган жана кытатталбаган терилер (иттин, коёндун, койдун терилеринен башка); о) нака мех буюмдар, пальтолор, баш кийимдер, жакалар, шубалар ж. б.; п) таза териден жасалган кийим-кечелер; р) хрусталдан жасалган идиштер, жарык берүүчү буюмдар; с) ок чыгаруучу жана газ курал-жарактары; т) мунайзат продуктары; у) кофе жана какао; ф) килем жана килем буюмдары кирет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МЕЙМАНКАНА САЛЫГЫ – КР жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Мейманканада жашаган жеке жактар ал салыктын төлөөчүсү болуп саналат. М. с. курорт салыгы белгиленбеген жерлерде алынат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЫ АЛУУ МЕНЕН КАЛККА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ ЖАНА СООДА-САТЫК САЛЫГЫ – КРдеги жергиликтүү салыктардын бири; чен-өлчөмдөрү жергиликтүү бийлик органдарынын чечимдери менен белгиленет. Юридикалык жана жеке жактар анын салык төлөөчүсү болуп саналат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АВТОМОБИЛЬ ЖОЛДОРУН ПАЙДАЛАНГАНДЫГЫ ҮЧҮН САЛЫК – КРдеги жалпы мамлекеттик салык болуп саналат. Менчигинин, ишмердүүлүгүнүн түрүнө, уюмдашуу-укуктук таризине карабастан, экономикалык ишмердүүлүктү ишке ашырып жатышкан субъекттердин баары салык төлөөчүлөр болуп саналашат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ СИМВОЛДОРДУ ПАЙДАЛАНУУ САЛЫГЫ – КР жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Юридикалык жактар дагы, жеке жактар дагы – тийешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген жергиликтүү символдорду (энтамгалар, шаарлардын, жерлердин, тарыхый эстеликтердин көрүнүштөрү) пайдаланган аргандай өнүмдөрдү өндүрүүчүлөр салык төлөөчү болуп саналат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕР САЛЫГЫ – КР жер участогун пайдалануу укугу үчүн төлөнүүчү максаттуу салыктардын бири. Салык салуунун негизги объекттери (мейли айыл чарбачылык, мейли айыл чарбачылык эмес) жер участоктору болуп саналат. Менчигинин түрүнө карабастан, жерди пайдалануу укуктары атайын белгиленген үлгүдөгү документ– мамлекеттик акты, убактылуу күбөлүк жана тастыктама менен аныкталган жер пайдалануучулар Ж. с. негизги төлөөчүлөрү болуп эсептелишет. Аталган төлөөчүлөр үчүн салык салуу бирдиги гектар (1 га) айдоо жери алынган.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КУРОРТ САЛЫГЫ – КРдеги жергиликтүү бийликтин өкүлчүлүк органдары тарабынан белгилене турган жергиликтүү салыктардын бир түрү. Курорт жергесине келген жеке жактар К. с-нын төлөөчү болуп саналат. Курорт жерлеринин тизмеси КР Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ (КНС) – кошумча нарк салыгы салынып, КР аймагына ташылып келингендердин наркынын бир бөлүгүн бюджет кирешесине алуунун бир таризи. Ага КРге импорттук жеткирүүлөргө салынган салык да кирет. Кошумча нарк салыгы ташып жеткирүүгө жана импортко салынат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК САЛЫГЫ – жергиликтүү ар жылдык салык; жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча шаар аймагына, шаардын чет жакасына жана курорт тилкесиндеги денсоолук чыңдоо мекемелеринин аймагына киргизилет. К. м. с. толугу менен КРдеги жергиликтүү бюджетине түшөт. КР шаарларынын аймагында өз менчигинде кыймылсыз мүлкү бар баардык юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде эларалык уюмдар, ошондой эле чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн анын өзгөчөлөнгөн бөлүктөрү К. м. с. төлөөчү болуп саналат. Кыймылсыз мүлк салык салуунун объектиси болуп саналат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАШЫП ЖЕТКИРҮҮ САЛЫГЫ – экономикалык ишмердүүлүктүн жүрүшүндө субъекттерге товар түшүргөндүгү, аткарган жумушу, көрсөткөн кызматы үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө жаткан кошумча нарк салыгы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АҢЧЫЛЫК КЫЛУУ ЖАНА БАЛЫК УУЛОО САЛЫГЫ – КР жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Аңчылык жана балыкчылык менен иш жүргүзгөн жеке жактар бул салыктын төлөөчүсү болуп саналат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРДЫН КИРЕШЕСИНЕ САЛЫК – КР жалпы мамлекеттик салык болуп саналат. Ю. ж. к. с-тын төлөөчүлөрү төмөндөгүлөр болуп саналат: а) экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүү менен, КР аймагындагы да, ошондой эле анын чегинен сырткары да киреше булактарынан пайда тапкан баардык юридикалык резидент жактар; б) КРдин туруктуу мекемелеринин тутумунда экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүү менен, КРдеги киреше булактарынан пайда тапкан баардык юридикалык резидент жактар. КР салык мыйзамдарында каралган салык төлөөчүнүн жылдык кирешесинин жыйындысы менен эсептен чыгаруунун ортосундагы айырма катары чегерилген пайда салык салуунун объектиси болуп саналат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАРНАМА САЛЫГЫ – КР жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Аргандай менчик түрүнө карабастан, ишканалар менен уюмдар, юридикалык резидент жактар менен юридикалык резидент эмес жактар, анын бөлүмдөрү, филиалдары, өкүлчүлүктөрү жана жарнама жайгашкан жерлердеги дагы да башка өзалдынча бөлүктөрү, жарнама кызматын көрсөткөн жеке резидент жактар менен жеке резидент эмес жактар Ж. с. н төлөөчүлөр болуп саналат. Жумуш менен кызмат наркы салык салуунун объектиси болуп саналат. Жарнаманы даярдоо жана таркатуу боюнча кошумча нарк салыгы, чарбачылык ыкма менен жасалган жумуштар ага кирбейт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖЕКЕ АДАМДАРДАН КИРЕШЕ САЛЫГЫ – КРдеги жалпы мамлекеттик салык болуп саналат. Кирешиси бар, КР резиденттери жана резидент эместери – жеке адамдар салык төлөөчүлөр болуп саналышат. Ж. а. к. с-ынын салык алуу объектиси салык төлөөчүнүн жалпы жылдык кирешеси менен КР мыйзамдарында аныкталган салыктарды чыгарып салуунун айырмасы катары эсептелген киреше болуп саналат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
УНАА КАРАЖАТ ЭЭЛЕРИНЕН АЛЫНУУЧУ САЛЫК – КРдеги жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Менчигинде унаа каражаттары жана башка өзү жүрүүчү машиналар менен механизмдери бар КР жарандары, чет өлкө жарандары жана жарандыгы жок жактар салык төлөөчү болуп саналат. У. к. э. а. с. КР аймагы боюнча жылына бир ирет төлөнөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ГҮЛДӨРДҮ КҮНӨСКАНА ШАРТТАРЫНДА ӨСТҮРҮШКӨН ЖАНА КАЛККА САТКАН ЖАРАНДАРДАН САЛЫК – КР жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Күнөскана шартында гүл өстүргөн жана аны калк арасына саткан жеке жактар бул салыктын төлөөчүсү болуп саналат. Сатыктан түшкөн киреше салык салуунун объектиси болуп эсептелет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨМҮСКӨ САЛЫК – түздөнтүз керектөөчү тарабынан төлөнбөгөн, бирок ал үчүн белгиленген баага киргизилген (көбүнесе керектөөчүнүн макулдугусуз эле) салык. Бажы алымы К. с-тын бир мисалы болуп кызмат кылат.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЛЫС ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРГӨ БАРГАН ТУРИСТТЕРДЕН АЛЫНГАН САЛЫК – КР жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Алыскы чет өлкөлөргө барган жеке жактар бул салыктын төлөөчүсү болуп саналат.